# 231-берене. Протоколду түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 231-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-231

---

1. Протокол сот жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан же жыйналыштан тышкары айрым процесстик аракет жасоодо түзүлөт.

2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.

3. Сот протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун жыйналышында же болбосо жыйналыштан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдонот. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, протоколдо алардын колдонулгандыгы жөнүндө белги коюлат. Сот жыйналышын тастыктоонун кошумча материалдар сот жыйналышынын протоколуна тиркелет жана иштин материалдары менен бирдикте сакталат.

4. Ишке катышуучу адамдар жана алардын өкүлдөрү өздөрү иш үчүн олуттуу деп эсептеген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды протоколго киргизүү тууралуу өтүнүч кылууга укуктуу.

5. Протокол сот жыйналышы аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.

6. Татаал иштер боюнча сот жыйналышынын протоколу узагыраак убакытта, бирок сот жыйналышы аяктагандан кийин беш күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.

7. Чечим жарыяланганда протоколду түзүүнүн мөөнөттөрү жана аны менен таанышуу укуктары жөнүндө билдирилет.

8. Протоколго сот жыйналышынын төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет.

9. Протоколго киргизилген бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, протоколдогу оңдоолор ага кол коюлганга чейин эскертилүүгө жана сот жыйналышынын төрагасынын жана катчысынын койгон колдору менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-230)  
Кийинки берене: [2311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2311)
