Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
231-берене. Протоколду түзүү
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 22-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Протокол сот жыйналышында сот жыйналышынын катчысы тарабынан же жыйналыштан тышкары айрым процесстик аракет жасоодо түзүлөт.
2. Протокол жазуу жүзүндө түзүлөт.
3. Сот протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун жыйналышында же болбосо жыйналыштан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдонот. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, протоколдо алардын колдонулгандыгы жөнүндө белги коюлат. Сот жыйналышын тастыктоонун кошумча материалдар сот жыйналышынын протоколуна тиркелет жана иштин материалдары менен бирдикте сакталат.
4. Ишке катышуучу адамдар жана алардын өкүлдөрү өздөрү иш үчүн олуттуу деп эсептеген жагдайлар жөнүндө маалыматтарды протоколго киргизүү тууралуу өтүнүч кылууга укуктуу.
5. Протокол сот жыйналышы аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.
6. Татаал иштер боюнча сот жыйналышынын протоколу узагыраак убакытта, бирок сот жыйналышы аяктагандан кийин беш күндөн кечиктирилбестен түзүлүүгө жана кол коюлууга тийиш.
7. Чечим жарыяланганда протоколду түзүүнүн мөөнөттөрү жана аны менен таанышуу укуктары жөнүндө билдирилет.
8. Протоколго сот жыйналышынын төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет.
9. Протоколго киргизилген бардык өзгөртүүлөр, толуктоолор, протоколдогу оңдоолор ага кол коюлганга чейин эскертилүүгө жана сот жыйналышынын төрагасынын жана катчысынын койгон колдору менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тышкары айрым процесстик аракет жасоодо түзүлөт.
2. Протокол алынып салынды: компьютердик, электрондук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу, машинада басуу же кол менен жазуу алынып салынды: аркылуу кошулду: жүзүндө түзүлөт.
3. Сот протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун … айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды алынып салынды: колдоно алат. кошулду: колдонот. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет, … жана катчысынын койгон колдору менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
кошулду: (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-231" title="231-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>