# 2291-берене. Соттук териштирүүнү аудио жана видео белгилөө каражаттары менен жазып белгилөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-2291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 2291-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2291

---

1. Сот жыйналышынын жүрүшүн жаздыруу милдеттүү болуп саналат жана ал аудио жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат. Сот жыйналышын аудио жана видео жазуу каражаттары менен жаздырууну сот жыйналышынын катчысы жүзөгө ашырат.

Тараптардын макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөн өзгөчө учурларда сот жыйналышын аудио жана видео белгилөөсүз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:

- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана сот жыйналышынын катышуучуларынын процесстик укуктарын коргоо максатында;

- техникалык бузулууларды жоюу мүмкүн болбогондо.

2. Катчы сот жыйналышы башталганга чейин аудио жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан оң экендигин, сот жыйналышына катышууга тийиш болгон адамдардын келгендигин текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшырма боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.

Аудио жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн болбогон учурда себептерин көрсөтүү менен акт түзүлөт, ал иштин материалдарына тиркелет. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [229-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-229)  
Кийинки берене: [230-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-230)
