# 226-берене. Соттун жекече аныктамалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-226>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-226.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 226-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-226

---

1. Мыйзамдуулук бузулган учурлар сот жыйналышында аныкталганда, сот жекече аныктама чыгарууга жана аны тийиштүү мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, юридикалык жактарга жана (же) алардын кызмат адамдарына жиберүүгө укуктуу, алар жекече аныктаманын көчүрмөсү алынган күндөн тартып отуз күндүк мөөнөттө көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирилбеген учурда, ага күнөөлүү кызмат адамдарына жүз эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айыппул салынышы мүмкүн. Мында айыппул салуу тийиштүү кызмат адамдарын соттун жекече аныктамасы боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүү милдетинен бошотпойт.

3. Жекече аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [225-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-225)  
Кийинки берене: [227-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-227)
