# 223-берене. Арызды карабастан калтыруунун тартиби жана анын натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-223>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-223.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 223-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-223

---

1. Арыз кароосуз калтырылган учурларда иш боюнча өндүрүш соттун аныктамасы менен аяктайт, аныктамада сот ушул Кодекстин 222-беренесинде саналган, ишти кароого тоскоол болуучу жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.

Доо арызын карабастан калтыруу жөнүндө аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

2. Арызды карабастан калтырууга негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин кызыкдар жак арыз менен сотко жалпы тартипте кайрылууга укуктуу.

3. Доогердин же жоопкердин өтүнүчү боюнча, эгерде тараптар өздөрүнүн сот жыйналышына келбегендигинин себептери жүйөлүү экендигин жана алар жөнүндө сотко билдирүү мүмкүн болбогондугун ырастаган далилдерди көрсөтсө, ушул Кодекстин 222-беренесинин 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча сот арызды кароосуз калтыруу жөнүндөгү өзүнүн аныктамасын жокко чыгарат.

4. Мындай өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [222-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-222)  
Кийинки берене: [224-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-224)
