Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
222-берене. Арызды карабастан калтыруунун негиздери
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 20-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июля 2024 года № 148
Сот арызды кароосуз калтырат, эгерде:
1) доогер иштердин бул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган, талашты сотко чейин чечүүнүн тартибин сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;
11) доогер милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууга келбесе;
2) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;
3) кызыкдар жактын атынан кол коюуга же доо коюуга ыйгарым укугу болбогон жак тарабынан арызга кол коюлса же арыз берилсе;
4) бул же башка соттун, бейтарап соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча мурда козголгон иш бар болсо;
5) өздөрү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн тараптар сотко чакыруу боюнча келбесе, ал эми сот иштеги бар материалдар менен ишти чечүүнү мүмкүн эмес деп эсептесе;
6) өзү жок кезде ишти териштирүү жөнүндө өтүнбөгөн доогер чакыруу боюнча сотко катары менен эки жолудан ашык келбесе, ал эми жоопкер ишти маңызы боюнча териштирүүнү талап кылбаса;
7) доогер арызын кайтарып берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылса, ал эми доогер ишти маңызы боюнча териштирүүнү талап кылбаса;
8) аялы боюнда бар мезгилде жана бала төрөлгөндөн кийин бир жыл ичинде аялынын макулдугусуз күйөөсү никени бузуу жөнүндө берген арыз судья тарабынан доогерге кайтарылбаса;
9) арыз ушул Кодекстин 134-беренесинде жана 135-беренесинин 1-4-пункттарында баяндалган талаптарды сактабастан берилсе, доогер анын кемчиликтерин оңдобосо же ушул Кодекстин 107-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын талабын сот белгилеген мөөнөттө аткарбаса, анткени бул талапты аткарбоо ишти маңызы боюнча кароого жана чечүүгө тоскоолдук кылат.
(КР 2024-жылдын 26-июлундагы № 148, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2024 года № 148 "О внесении изменения в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сактабаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;
кошулду: 11) доогер милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууга келбесе;
2) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;
3) кызыкдар жактын … жана чечүүгө тоскоолдук кылат.
(КР 2024-жылдын 26-июлундагы № алынып салынды: 148 Мыйзамынын кошулду: 148, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-222" title="222-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>