# 220-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-220>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-220.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 220-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-220

---

Сот иш боюнча өндүрүштү токтотот, эгерде:

1) иш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде каралууга жана чечилүүгө жатпаса;

2) иштердин бул категориясы үчүн мыйзамда белгиленген же тараптардын келишиминде каралган талашты соттон тышкары же алдын ала сотко чейин чечүүнүн тартиби доогер тарабынан сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулса;

3) ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш-тартыш боюнча чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими же доогердин доодон баш тарткандыгына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө, анын ичинде прокурор берген доо боюнча соттун аныктамасы бар болсо;

4) доогер доодон баш тартса;

5) тараптар жарашуу макулдашуусун түзсө жана ал сот тарабынан бекитилсе;

6) ушул Кодекстин 427-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча аксакалдар соту тарабынан өз компетенциясынын чегинде чечим кабыл алынса;

7) иш боюнча тараптардын бири болуп саналган жаран, жеке ишкер каза болгондон кийин талаштуу укук мамилеси укук улантуучулукка жол бербесе;

8) иш боюнча тарап катары чыккан юридикалык жак жоюлса;

9) ушул Кодекстин 422-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ошол эле тараптардын ортосундагы, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздердеги талаш боюнча бейтарап соттун чечими бар болсо;

10) биринчи инстанциядагы сот доо боюнча чечимди кабыл алганга чейин тараптар талашты бейтарап сотко берүүгө макулдашууну, же ишти аксакалдар сотуна анын компетенциясынын чегинде чечүүгө жиберүү жөнүндө макулдашууну түзсө.

11) талаш-тартыштын предмети же тарабы жок болсо.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [219-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-219)  
Кийинки берене: [221-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-221)
