# 22-берене. Четтетүү же өзүн өзү четтетүү жөнүндө билдирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 22-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-22

---

1. Ушул Кодекстин 19, 20 жана 21-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо судья өзүн өзү четтетүүсүн билдирүүгө милдеттүү.

Ушул Кодекстин 19-беренесинде жана 21-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы өзүн өзү четтетүүсүн билдирүүгө милдеттүү. Ишке катышуучу башка жактар тарабынан да ушундай эле негиздер боюнча четтетүү билдирилиши мүмкүн.

2. Четтетүү же өзүн өзү четтетүү жүйөлөнүшү жана ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин билдирилиши керек. Ишти маңызы боюнча кароонун жүрүшүндө четтетүү же өзүн өзү четтетүүсүн жөнүндө билдирүүнү кароого четтетүүнүн же өзүн өзү четтетүүнүн негизи иш кароо башталгандан кийин сотко же четтетүүнү же өзүн өзү четтетүүнү билдирүүчү жакка белгилүү болгон учурда гана жол берилет.

3. Судьяны жана процесстин башка катышуучуларын четтетүү жөнүндө негизделбеген билдирүү канааттандырылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-23)
