# 217-берене. Өндүрүштү токтотуп туруунун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2024 года № 45 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001762)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2024 года № 45 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001762); 11.04.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 86 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112561); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261675..3087>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-217>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-217.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 217-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-217

---

Иш боюнча өндүрүш төмөнкүдөй мөөнөттөргө токтотуп турулат;

1) ушул Кодекстин 215-беренесинин 1 жана 2-пункттарында, 216-беренесинин 2-пунктунда каралган учурларда - чыгып калган жактын укук улантуучусун аныктаганга же аракетке жөндөмсүз жакка көзөмөлчү дайындоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

2) ушул Кодекстин 215-беренесинин 3-пунктунда жана 216-беренесинде (216-берененин 3-пунктун кошпогондо) каралган учурларда - тараптын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскерлеринин же аскердик түзүлмөлөрүнүн курамында болушу бүткөнгө чейин, ал мамлекеттик милдетти аткаруусун аяктаганга чейин, сотко эксперттин корутундусу берилгенге чейин, сот тапшырмасы аткарылганга чейин же ченемдик укуктук актыны чечмелөө жөнүндө мамлекеттик органдын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) жообу алынганга чейин;

3) ушул Кодекстин 215-беренесинин 4-пунктунда каралган учурларда - администрациялык тартипте каралуучу иш боюнча соттун актысы же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;

4) ушул Кодекстин 216-беренесинин 3-пунктунда каралган учурларда - тарап дарылоо мекемесинен чыгарылганга же оорусунан айыкканга чейин, бирок эки айлык мөөнөттөн көп эмес. Бул мөөнөт өткөндөн кийин тарап өкүлдү дайындоого милдеттүү, ал эми сот ишти кароону кайра жаңыртууга укуктуу;

5) ушул Кодекстин 215-беренесинин 6-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) караганга чейин;

6) ушул Кодекстин 216-беренесинин 8-пунктунда каралган учурларда - медиация токтотулганга чейин.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 86, 2024-жылдын 15-февралындагы N 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-216)  
Кийинки берене: [218-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-218)
