# 215-берене. Соттун иш боюнча өндүрүштү токтотуп туруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2024 года № 45 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001762)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.02.2024 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2024 года № 45 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001762); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261675..3087>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 215-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-215

---

Сот иш боюнча өндүрүштү токтотуп турууга төмөнкүдөй учурларда милдеттүү:

1) эгерде талаштуу укук мамилеси укук улантуучулукка жол берсе, иште тарап болуп саналган жаран каза болгондо;

2) тарап аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо;

3) жоопкер Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлмөлөрүнүн жоокердик аракеттерге катышып жаткан бөлүктөрүндө болгондо же Куралдуу Күчтөрдүн, Кыргыз Республикасынын башка аскерлеринин же аскердик түзүлмөлөрүнүн жоокердик аракеттерге катышып жаткан бөлүктөрүндө турган доогердин өтүнүчү боюнча;

4) жарандык, администрациялык, жазыктык сот өндүрүшү тартибинде же администрациялык тартипте каралып жаткан башка ишти чечүүгө чейин бул ишти кароо мүмкүн болбогондо;

5) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) ишти чечүүдө колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын жана/же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актысын алганда.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2024-жылдын 15-февралындагы № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2147)  
Кийинки берене: [216-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-216)
