Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2146-берене. Арызды кайтарып берүү
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 171-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Сот төмөнкү учурларда арызды кайра кайтарат, эгерде:
1) иш бул сотко караштуу болбосо;
2) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;
3) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин аны кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө;
4) ушул Кодекстин 2142 жана 2143-беренелеринин талаптары сакталбаса.
2. Арызды кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда иш эгерде бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо арызды кабыл алууга тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.
3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.
4. Арызды кайтарып берүү, аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин, ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
5. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Арызды кайтарып берүү 1. Сот төмөнкү учурларда арызды кайра кайтарат, эгерде: 1) иш бул сотко караштуу болбосо; 2) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса; 3) арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин аны кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө; 4) ушул Кодекстин 2142 жана 2143-беренелеринин талаптары сакталбаса. 2. Арызды кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, анда иш эгерде бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо арызды кабыл алууга тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү. 3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш. 4. Арызды кайтарып берүү, аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин, ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт. 5. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 2142-берене
- 2143-берене. Арызды кайтарып
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-2146" title="2146-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>