# 2145-берене. Арызды кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 171-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-2145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 2145-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2145

---

1. Сот арызды кабыл алуудан баш тартат, эгерде:

1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого же чечүүгө жатпаса;

2) ошол эле жактын, ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча арызы сот тарабынан мурда каралса.

2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле убакта ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээсинин ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайрадан кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2144)  
Кийинки берене: [2146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2146)
