# 2142-берене. Арыздын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 171-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-2142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 2142-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2142

---

1. Арыз сотко жазуу жүзүндө, машиналык басылма текст түрүндө берилет.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) арыз ээси (фамилиясы, ысымы, атасынын ысымы, дареги, юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан жери, ошондой эле, эгерде арыз өкүл тарабынан берилсе, өкүлдүн аталышы жана анын дареги) жана башка кызыкдар жактар жөнүндө маалыматтар;

3) арыз ээсинин талабы;

4) арыз ээси өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

5) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.

3. Арызга арыз ээси же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу болгондо анын өкүлү кол коёт.

4. Эгерде жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелишинен, майыптуулугунан, дене бойлук кемчиликтеринен же оорусунан улам өз колу менен, же болбосо факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча арызга башка жаран кол коюшу мүмкүн. Ал жарандын колтамгасы нотариус тарабынан же болбосо ушундай нотариаттык аракетти жасоого укугу бар башка кызмат адамы тарабынан арыз ээсинин арызына өз колу менен кол коё албаган себептерин көрсөтүү менен күбөлөндүрүлүшү керек.";

5. Арыз сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылган форманы толтуруу аркылуу да сотко берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2141)  
Кийинки берене: [2143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-2143)
