# 211-берене. Соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2017 года № 141 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111648)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=45098..1261667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-211>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-211.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 211-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-211

---

1. Соттун чечими, эгерде ал даттанылбаса, апелляциялык даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет. Апелляциялык даттануу берилген учурда, чечим, эгерде ал жокко чыгарылбаса, иш апелляциялык инстанциядагы сотто каралгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

2. Экстремисттик же террористтик ишти жүзөгө ашырууга чакырган же болбосо аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгын негиздеген же актаган маалыматтык материалдарды экстремисттик же террористтик деп таануу жөнүндө арыздар боюнча соттор чыгарган чечимдер жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

(КР 2017-жылдын 25-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-210)  
Кийинки берене: [212-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-212)
