# 21-берене. Прокурорду, экспертти, адисти, котормочуну, сот жыйналышынын катчысын четтетүү үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 21-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-21

---

1. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер экспертке, адиске, котормочуга, сот жыйналышынын катчысына да жайылтылат.

Мындан тышкары, эксперт же адис төмөнкүдөй учурларда ишти кароого катыша албайт: эгерде алар ишке катышуучу жактардын же алардын өкүлдөрүнүн кимдир-бирөөсүнө кызматтык же башка көз карандылыкта турса же мурда турса; эгерде алар материалдары сотко кайрылуу үчүн негиз болгон же болбосо жарандык ишти кароодо колдонулган текшерүүнү жүргүзсө.

2. Эксперттин, адистин, котормочунун жана сот жыйналышынын катчысынын ушул эле ишти мурдагы кароодо тиешелүүлүгүнө жараша эксперт, адис, котормочу, сот жыйналышынын катчысы катары катышкандыгы аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Ушул Кодекстин 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн четтетүү үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында прокурордун бул ишти мурдагы кароодо прокурор катары катышкандыгы аны четтетүү үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-22)
