# 209-берене. Чечимди аткарууну жылдыруу жана созуу, чечимди аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 209-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-209

---

1. Ишти караган же аткаруу барагын берген сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, тараптардын мүлктүк абалына же башка жагдайларга негизденүү менен чечимди аткарууну жылдырууга же созууга, ошондой эле аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүүгө укуктуу.

2. Көрсөтүлгөн арыздар сот жыйналышында каралат. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги коюлган маселени чечүүгө тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимди аткарууну кийинкиге калтыруу же жылыштыруу жөнүндө, аны аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-208)  
Кийинки берене: [210-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-210)
