# 208-берене. Чечимди түшүндүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-208>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-208.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 208-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-208

---

1. Чечим түшүнүксүз болгон учурда, ишти чечкен сот ишке катышуучу жактардын арызы боюнча чечимдин мазмунун өзгөртпөстөн түшүндүрүүгө укуктуу.

2. Эгерде чечим аткарууга алына элек болсо жана чечим мажбурлап аткартыла турган мөөнөт өтө элек болсо, чечимди түшүндүрүүгө жол берилет.

3. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе сот жыйналышында чечилет. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселени кароо үчүн тоскоол болуп саналбайт.

4. Чечимди түшүндүрүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-207)  
Кийинки берене: [209-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-209)
