# 207-берене. Кошумча чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 207-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-207

---

1. Иш боюнча чечим чыгарган сот өз демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча кошумча чечим чыгарышы мүмкүн, эгерде:

1) ишке катышуучу жактар далилдерди көрсөткөн жана түшүнүктөрдү берген кайсы бир талап боюнча чечим чыгарылбаса;

2) сот укук жөнүндө маселени чечип, ыйгарылган сумманын, өткөрүп берилүүгө тийиш мүлктүн суммасынын өлчөмүн же жоопкер жасоого милдеттүү аракеттерди көрсөтпөсө;

3) сот тарабынан соттук чыгымдар жөнүндө маселе чечилбесе.

2. Кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселе чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин коюлушу мүмкүн. Кошумча чечим сот жыйналышында маселе каралгандан кийин сот тарабынан чыгарылат жана ал даттанылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги кошумча чечим чыгаруу жөнүндө маселени кароого жана чечүүгө тоскоолдук кылбайт.

3. Кошумча чечим чыгаруудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [206-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-206)  
Кийинки берене: [208-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-208)
