# 206-берене. Чечимдеги туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 206-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-206

---

1. Соттун иш боюнча чечими жарыялангандан кийин чечим чыгарган сот аны өзү жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуксуз.

2. Сот өзүнүн демилгеси боюнча же ишке катышуучу жактардын арызы боюнча, чечимде кетирилген туура эмес жазууларды жана арифметикалык айкын каталарды оңдой алат. Оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе аныктама чыгаруу менен сот жыйналышында чечилет. Ишке катышкан жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат, бирок алардын келбегендиги оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Чечимге оңдоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 04-апрелиндеги.

---

Мурунку берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-205)  
Кийинки берене: [207-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-207)
