# 204-берене. Жоопкерди белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү чечим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-204>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-204.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 204-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-204

---

1. Мүлктү же акчалай суммасын өткөрүп берүүгө байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого жоопкерди милдеттендирген чечим чыгарууда сот ошол эле чечимде, эгерде жоопкер белгиленген мөөнөттүн ичинде чечимди аткарбаса, жоопкердин эсебинен зарыл чыгымдарды өндүрүп алуу менен доогер бул аракеттерди жасаганга укуктуу экендиги көрсөтүшү мүмкүн.

2. Эгерде көрсөтүлгөн аракеттер жоопкер тарабынан гана жасала турган болсо, сот чечимде бул чечим аткарылууга тийиш мөөнөттү көрсөтөт.

3. Юридикалык жактарды же коллегиялуу органдарды мүлктү же акчалай суммаларын өткөрүп берүүгө байланышпаган белгилүү бир аракеттерди жасоого (чечим кабыл алууга) милдеттендирген чечим сот белгилеген мөөнөт ичинде алардын жетекчилери тарабынан аткарылат.

---

Мурунку берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-203)  
Кийинки берене: [205-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-205)
