# 202-берене. Чечимдин мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-202>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-202.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 202-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-202

---

1. Чечим киришме, сыпаттама, жүйөлөмө жана резолюциялык бөлүктөрүнөн турат.

2. Чечимдин киришме бөлүгүндө чечим чыгаруунун убактысы жана орду, чечим чыгарган соттун аталышы, соттун курамы, сот жыйналышынын катчысы, тараптар, ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү, талаштын предмети жана билдирилген талап көрсөтүлөт.

3. Чечимдин сыпаттама бөлүгүндө доогердин талабы, жоопкердин тосмо доо талабын, жоопкердин каршы пикирин жана ишке катышуучу башка жактардын түшүндүрмөлөрүн көрсөтүү камтылууга тийиш.

4. Чечимдин жүйөлөмө бөлүгүндө иштин сот тастыктаган жагдайлары, укуктар жана милдеттер жөнүндө соттун тыянактары негизделген фактылар, далилдер, сот таянып тигил же бул далилдерди четке каккан жүйөлөр, сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар көрсөтүлүшү керек. Сот ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун пленумунун чечилип жаткан маселе боюнча сот практикасын түшүндүрмөлөө жөнүндө токтомуна шилтеме жасоого милдеттүү.

5. Соттун чечиминин резолюциялык бөлүгүндө доону канааттандыруу же доодон толук же айрым бөлүгүндө баш тартуу жөнүндө соттун тыянагы, соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү көрсөтүү, чечимди даттануунун мөөнөтү жана тартиби камтылууга тийиш.

6. Доо жоопкер тарабынан моюнга алынган учурда соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө доонун моюнга алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

7. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилишине байланыштуу доодон баш тартылган учурда соттун чечиминин жүйөлөмө бөлүгүндө сот тарабынан ушул жагдайлардын тастыкталгандыгы гана көрсөтүлөт.

8. Никени бузуу жөнүндө иш боюнча соттун чечими киришме жана резолюциялык бөлүктөрдөн турушу мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-201)  
Кийинки берене: [203-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-203)
