# 200-берене. Чечим чыгарууда чечилүүчү маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-200>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-200.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 200-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-200

---

1. Чечим чыгарууда сот:

1) далилдерге баа берет;

2) иш үчүн мааниси бар кандай жагдайлар аныкталгандыгын жана аныкталбагандыгын аныктайт;

3) ишке катышуучу жактардын укук мамилелери кандай экендигин аныктайт;

4) бул иш боюнча кайсы мыйзам же башка ченемдик укуктук акт колдонулушу керектигин чечет;

5) доонун канааттандырылууга жата тургандыгын чечет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечет.

2. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, сот ишти доогер тарабынан берилген талаптардын чектеринде чечет.

3. Сот иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды айкындоону же далилдерди кошумча иликтөөнү зарыл деп таанып, ишти маңызы боюнча кароону кайра баштоо жөнүндө аныктама чыгарат. Ишти маңызы боюнча кароо бүткөндөн кийин сот кайрадан соттук жарыш сөздөрдү угат.

---

Мурунку берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-199)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-201)
