# 20-берене. Судьянын ишти кароого кайрадан катышуусуна жол берилбестик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 20-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-20

---

1. Ишти кароого катышкан судья башка инстанциядагы сотто бул ишти кароого катыша албайт.

2. Ишти биринчи же экинчи инстанцияда кароого катышкан судья ушул эле ишти ушул эле инстанцияда кайрадан кароого катыша албайт.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары иштерди жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча караган учурларга, ошондой эле ишти чечим чыгаруусуз мурдагы караган учурларга карата жайылтылбайт.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын ишти кассациялык тартипте кароого катышуусу анын бул ишти ушул эле тартипте кароого кайрадан катышуусуна жолтоо болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-21)
