Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөрдүн аныктамасы
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 141
Ушул Кодексте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) адвокат - адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна мыйзамда белгиленген тартипте лицензия алган жана Адвокатуранын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны;
2) апелляциялык даттануу (сунуштама) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан апелляциялык инстанциядагы сотко берилүүчү даттануу же сунуштама;
21) вндеоконференцбайланыш - аудио уктурууларды жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
22) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - чектелбеген сандагы пайдалануучулар үчүн түз эфир режиминде телекөрсөтүү, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет түйүнүндө маалыматты жайылтуу жана берүү;
3) жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралуучу, кызыкдар жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде экономикалык иштер;
4) мыйзамдуу өкүлдөр - ишке катышкан адамдын ата-энеси, асырап алуучусу, камкорчусу, көзөмөлчүсү, ошондой эле ал камкордугунда турган уюмдардын жана жактын өкүлдөрү;
5) доо арызы - өзүнүн бузулган же талашылып жаткан субъективдүү укуктарын, эркиндиктерин же мыйзам менен сакталуучу кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар адам тарабынан сотко берилген процесстик документ;
6) кассациялык даттануу (талап) - биринчи, аппеляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышуучу жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясына берилүүчү даттануу же сунуштама;
7) ишке катышуучу жактар - тараптар, үчүнчү жактар, прокурор, башка жактардын укуктарын коргоо үчүн сотко кайрылуучу же корутунду берүү үчүн процесске кошулуучу жактар, арыз берүүчүлөр, өзгөчө өндүрүш иштери боюнча кызыкдар жактар;
8) медиация - медиатордун (медиаторлордун) көмөктөшүүсү менен, талашкан тараптардын кызыкчылыктарын өз ара алгылыктуу макулдашууга жетишүү максатында макулдашуу аркылуу укуктук талашты жөнгө салуунун жол-жобосу;
9) медиатор - медиация жөнүндө мыйзамдын талаптарына жооп берген, медиация жүргүзүүдө тараптарга жардам берүүчү көз карандысыз жеке жак;
10) медиациялык макулдашуу - медиациянын натыйжасында тараптар жетишкен, тараптардын укуктук талашты жөнгө салуу жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү макулдашуусу;
11) областтык сот - областтык соттор жана Бишкек шаардык соту;
111) жазуу формасы - доо арызды, арызды, даттанууну, сот актысын, сот жыйналышынын протоколун, башка документти, билдирүүнү же маалыматты кагаз жүзүндө (машинкага басылган) же санариптик формада түзүү жана берүү ыкмасы;
12) төрагалык кылуучу - ишти коллегиялык кароодо төрагалык кылуучу же болбосо ишти жеке өзү кароочу судья;
13) сунуштама - прокурордун сот актысына карата даттануусу;
14) прокурор - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Аскер прокурору, областтардын прокурорлору, Бишкек шаарынын прокурору, райондук жана шаардык прокурорлор, алардын орун басарлары жана жардамчылары, прокуратуралардын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн өз компетенциясынын чектеринде аракеттенүүчү прокурорлору;
15) протокол - сот жыйналышында жүргүзүлгөн бардык процесстик аракеттер катталуучу процесстик документ;
16) райондук сот - райондук жана ага теңдештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот);
17) тараптар - жарандык сот өндүрүшүндө укуктардын теңдиги жана атаандаштык башталышта чыгуучу органдар жана адамдар;
18) сот - жарандык ишти биринчи инстанцияда, апелляция тартибинде, кассация тартибинде кароочу судья, соттук коллегиянын курамы;
19) сот актысы - сот тарабынан ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлүүчү жана жарандык ишти маңызы боюнча чечүүчү же болбосо жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан маселелерди чечүүчү сот актысы (чечим, аныктама, токтом, буйрук);
20) судья - ишти кароочу кайсы болбосун соттун кесипкөй судьясы, соттун төрагасы, төрагасынын орун басары;
21) биринчи инстанциядагы сот - сот жыйналышында иштин жагдайын тикелей аныктоого жана ал боюнча сот актыларын кабыл алууга ыйгарым укугу бар сот;
22) апелляциялык инстанциядагы сот (экинчи инстанциядагы сот, апелляциялык инстанция) - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек актысына карата апелляциялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу, областтык соттун жарандык иштер боюнча же экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;
23) кассациялык инстанциядагы сот (кассациялык инстанция) - биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысына карата кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кароочу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча же экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы;
231) санариптик сот иши - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү жарандык же экономикалык иш;
232) санариптик соттук материалдар - сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда түзүлүүчү соттук материалдар;
233) сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутуму - сот өндүрүшүндө санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн багытталган санариптик түзүлүштөрдүн, алар үчүн программалардын жана маалыматтар базасынын тутуму;
234) билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси - санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына шайкеш келген, соттук кабарлоонун алынгандыгын ырастоо кепилдиги менен ишке катышкан жактарга жана процесстин башка катышуучуларына соттук кабарлоону жеткирүүнү камсыз кылуучу санариптик сервис;
24) жекече даттануу (сунуштама) - процесске катышуучулар тарабынан соттун аныктамасына же судьянын токтомуна карата берилүүчү даттануу же сунуштама;
25) жекече аныктама - сот чыгаруучу, иш боюнча аныкталган мыйзам бузуу фактыларына, аларды жасоого өбөлгө болуучу жана тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылуучу себептерге жана шарттарга сот мамлекеттик органдардын, ошондой эле менчигинин формасына карабастан уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн буруучу аныктама.
26) юридикалык өкүл - процесстик мыйзамдардын жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.
Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга байланыштуу терминдер жана түшүнүктөр санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарда келтирилген маанилерде колдонулат. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 141 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам юридического представительства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана башка кызмат адамдарынын көңүлүн буруучу аныктама.
кошулду: 26) юридикалык өкүл - процесстик мыйзамдардын жана юридикалык өкүлчүлүк маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык сот өндүрүшүндө жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу өкүл.
Эскертүү. Ушул Кодексте колдонулуучу санариптик технологияларга … 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № алынып салынды: 260 кошулду: 260, 2026-жылдын 3-августу № 141 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү…Закон · 11.04.2023 · № 85
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү…Закон · 11.01.2025 · № 3
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери маселеси боюнча) өзгөртүүлөрдү…Постановление · 03.03.2017 · № 132
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>