# 199-берене. Чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-199>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-199.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 199-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-199

---

1. Соттун чечими мыйзамдуу жана негиздүү болууга тийиш.

2. Чечим процесстик укуктун нормасын сактоо менен жана ушул укук мамилесине карата колдонулууга жатуучу материалдык укуктун нормаларына ылайык чыгарылганда мыйзамдуу болуп саналат.

3. Чечимде ушул иш үчүн мааниси бар, таандык болушу жана жол берилүүчүлүгү, ошондой эле аныктыгы жөнүндө мыйзамдык тиешелүү талаптарга жооп берген далилдер менен ырасталган фактылар чагылдырылганда жана соттун тастыкталган фактылардан келип чыгуучу толук тыянактары камтылганда чечим негиздүү деп эсептелет.

4. Сот чечимди сот жыйналышында иликтенген далилдерге гана негиздейт.

---

Мурунку берене: [198-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-198)  
Кийинки берене: [200-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-200)
