# 198-берене. Чечимди чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 198-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-198

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун ишти маңызы боюнча чечүүчү актысы чечим түрүндө чыгарылат. Чечим Кыргыз Республикасынын атынан чыгарылат.

2. Чечим кеңешүү бөлмөсүндө жашыруун чыгарылат. Чечим чыгаруу убагында анда бул ишти караган судья гана боло алат. Кеңешүү бөлмөсүндө башка адамдардын болушуна жол берилбейт.

3. Чечим ишти териштирүүдөн кийин дароо чыгарылат.

4. Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүн жазуу жүзүндө түзүү беш күндөн ашпаган мөөнөткө калтырылышы мүмкүн, бирок сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн жазуу жүзүндө түзүүсү жана соттук териштирүү бүткөн ошол эле жыйналышта жарыялоосу керек. Бир эле убакта сот ишке катышкан жактар жана өкүлдөр жүйөлөштүрүлгөн чечимдин акыркы (жазуу жүзүндөгү) формасы менен качан тааныша алары жөнүндө жарыялайт. Чечимдин жарыяланган резолюциялык бөлүгү ушул ишти кароого катышкан бардык судьялар тарабынан кол коюлууга жана ишке тиркелүүгө тийиш.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [197-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-197)  
Кийинки берене: [199-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-199)
