# 195-берене. Ишти маңызы боюнча кароону кайра жаңыртуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-195>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-195.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 195-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-195

---

1. Ишке катышуучу жактар, алардын өкүлдөрү соттук жарыш сөздөрдүн убагында сүйлөгөн сөздөрүндө сот тарабынан аныкталбаган жагдайларга, ошондой эле сот жыйналышында иликтенбеген далилдерге шилтеме кылууга укуксуз.

2. Сот, эгерде соттук жарыш сөздөрдүн убагында иш үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону же жаңы далилдерди иликтөөнү зарыл деп тапса, ишти маңызы боюнча кароону кайрадан баштоо жөнүндө аныктама чыгарат, бул жөнүндө сот жыйналышынын протоколунда көрсөтүлөт. Ишти маңызы боюнча кароо аяктагандан кийин соттук жарыш сөздөр жалпы тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [194-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-194)  
Кийинки берене: [196-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-196)
