# 191-берене. Адистин консультациясы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 191-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-191

---

1. Жазуу жүзүндөгү же буюм далилдерди карап көрүүдө, аудио жана видео жазууларды угуу-көрүүдө, экспертиза дайындоодо, күбөлөрдү суракка алууда, далилдерди камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө зарыл болгондо сот консультацияларды, түшүндүрмөлөрдү алуу, техникалык тикелей жардам көрсөтүү (фотосүрөткө тартуу, пландарды жана схемаларды түзүү, экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандоо, мүлктү баалоо жана д.у.с.) үчүн адистерди тарта алат.

2. Адис катары чакырылган жак сотко келүүгө, сот берген суроолорго жооп берүүгө, оозеки же жазуу жүзүндө консультацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана зарыл болгондо - сотко техникалык жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Адистин жазуу жүзүндө берилген консультациясы сот жыйналышында жарыя кылынат. Адистин оозеки консультациясы жана түшүндүрмөлөрү сот жыйналышынын протоколуна киргизилет.

4. Консультацияны түшүндүрүү жана толуктоо максатында адиске суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча адис чакырткан жак жана анын өкүлү суроолорду берет, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү берет. Соттун демилгеси боюнча чакыртылган адиске биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет.

5. Сот адиске аны суракка алуунун кайсы болбосун учурунда суроо берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-190)  
Кийинки берене: [192-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-192)
