# 190-берене. Кошумча жана кайрадан жүргүзүлгөн экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-190>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-190.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 190-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-190

---

1. Корутунду жетиштүү даражада айкын эмес же толук болбогон учурда сот кошумча экспертиза дайындай алат, аны өткөрүү ошол же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна анын негизсиздигин жүйөлөп макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттердин корутундуларынын ортосунда карама-каршылыктар болгон учурда кайрадан экспертиза дайындайт. Кайрадан экспертизаны жүргүзүү башка экспертке тапшырылат.

---

Мурунку берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-189)  
Кийинки берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-191)
