# 19-берене. Судьяны четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 19-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-19

---

1. Судья төмөнкүдөй учурларда ишти карай албайт жана четтетүүгө жатат:

1) эгерде ал ишке катышуучу жактардын же алардын өкүлдөрүнүн биринин тууганы болуп саналса;

2) эгерде ал жеке өзү, тикелей же кыйыр түрдө иштин жыйынтыгына кызыкдар болсо;

3) эгерде ал бул ишти мурдагы кароодо прокурор, эксперт, адис, котормочу, өкүл, сот жыйналышынын катчысы катары катышса.

2. Ишти карап жаткан соттун курамына өз ара туугандыкта турган адамдар кире албайт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-20)
