# 189-берене. Эксперттин корутундусун иликтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-189>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-189.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 189-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-189

---

1. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында жарыя кылынат. Корутундуну түшүндүрүү жана толуктоо максатыңда экспертке суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча эксперт дайындалган жак жана анын өкүлү суроо берет, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү берет. Соттун демилгеси боюнча дайындалган экспертке биринчи болуп доогер жана анын өкүлү суроо берет. Сот экспертке аны суракка алуунун кайсы болбосун учурунда суроо берүүгө укуктуу.

2. Эксперттин корутундусу сот жыйналышында иликтенет жана башка далилдер менен бир катарда сот тарабынан бааланат жана сот үчүн мурдатан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул эместиги иш боюнча чечимде же болбосо кошумча же кайталап экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада жүйөлөнүшү керек.

---

Мурунку берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-188)  
Кийинки берене: [190-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-190)
