# 188-берене. Далилдин жалгандыгы жөнүндө арыз

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 188-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-188

---

1. Иштеги далилдин жалган экендиги жөнүндө арыз болгон учурда, бул далилди берген жак аны далилдердин катарынан чыгарууну жана ишти башка далилдердин негизинде чечүүнү соттон өтүнө алат.

2. Далилдин жалгандыгы жөнүндө арызды текшерүү үчүн сот экспертиза дайындашы, ошондой эле тараптарга башка далилдерди берүүнү сунуш кылышы мүмкүн.

3. Эгерде сот далилдин жалгандыгы жөнүндө тыянакка келсе, аны далилдердин катарынан чыгарат. Зарыл учурларда сот жалган далилди берген жакка тийиштүү чара көрүү үчүн материалды прокуратура органдарына жиберет.

---

Мурунку берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-187)  
Кийинки берене: [189-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-189)
