# 187-берене. Аудио жазууну, видео жазууну угузуу-көрсөтүү жана аларды иликтөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 187-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-187

---

1. Өздүк мүнөздөгү маалыматты камтыган аудио же видео жазууну угузуу-көрсөтүүдө, ошондой эле аларды иликтөөдө ушул Кодекстин 184-беренесинде каралган эрежелер колдонулат.

2. Аудио же видео жазууну угузуу-көрсөтүү сот жыйналышынын залында же бул максат үчүн атайын жабдылган жайда, далилдер угузулуп-көрсөтүлүп жаткан булактардын айырмалоочу белгилерин жана угузуунун-көрсөтүүнүн убактысын сот жыйналышынын протоколунда көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Андан кийин сот ишке катышуучу жактардын түшүндүрмөлөрүн угат. Зарыл болгондо аудио жана видео жазууну угузуу-көрсөтүү толук же кайсы бир бөлүгүндө кайра кайталанышы мүмкүн.

3. Аудио жана видео жазууларда камтылган маалыматтарды аныктоо максатында сот адисти тартышы, ошондой эле экспертизаны дайындашы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-186)  
Кийинки берене: [188-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-188)
