# 186-берене. Жеринде карап көрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-186>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-186.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 186-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-186

---

1. Сотко алып келүү кыйынчылыкты жараткан же мүмкүн болбогон жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдер алардын жайгашкан жеринде же сот аныктаган башка жерде каралат жана иликтенет. Жеринде карап көрүүнү жүргүзүү жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылууга жатпайт.

2. Жеринде карап көрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө ишке катышуучу жактар, алардын өкүлдөрү кабардар кылынат, бирок алардын келбей калышы карап көрүүгө тоскоолдук болуп саналбайт. Зарыл учурларда эксперттер, адистер жана күбөлөр да чакыртылат.

3. Жеринде карап көрүүнүн натыйжалары сот жыйналышынын протоколуна киргизилет. Протоколго карап көрүүдө түзүлгөн же текшерилген пландар, чиймелер, схемалар, эсептер, документтердин көчүрмөлөрү, ошондой эле карап көрүү убагында жасалган видео жазуулар, жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдердин фотосүрөттөрү, ошондой эле эксперттин жазуу жүзүндөгү корутундусу жана адистин түшүндүрмөсү тиркелет.

---

Мурунку берене: [185-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-185)  
Кийинки берене: [187-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-187)
