# 181-берене. Жашы жете элек күбөнү суракка алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-181>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-181.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 181-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-181

---

1. Он сегиз жашка чейинки курактагы күбөнү суракка алуу педагогдун же психологдун, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Зарыл учурда жашы жете элек күбөнүн ата-энеси, асырап алуучусу, камкорчусу же көзөмөлчүсү чакыртылат. Аталган жактар төрагалык кылуучунун уруксаты менен күбөгө суроо бере алат, ошондой эле күбөнүн керт башы жана ал берген көрсөтмөлөрдүн мазмуну тууралуу өз пикирин айта алат.

2. Жашы жете элек күбөнү суракка алуу убагында ишке катышуучу тигил же бул жак же сот жыйналышынын залында болгон жарандардын кимдир бирөөсү соттун аныктамасы боюнча сот жыйналышынын залынан чыгарылышы мүмкүн. Ишке катышуучу жак сот жыйналышынын залына кайтып келгенден кийин ага жашы жете элек күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн мазмуну билдирилүүгө жана күбөгө суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш.

3. Он алты жашка чыга элек күбөнүн сот жыйналышынын залында болушун сот зарыл деп тапкан учурлардан башка учурларда бул күбө аны суракка алуу бүткөндөн кийин сот жыйналышынын залынан чыгарылат.

---

Мурунку берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-180)  
Кийинки берене: [182-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-182)
