# 18-берене. Соттун коллегиялык курамда маселе чечүүсүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 18-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-18

---

1. Сот тарабынан коллегиялык курамда иштерди кароодо келип чыгуучу бардык маселелерди судьялар көпчүлүк добуш менен чечет. Судьялардын эч кимиси добуш бербей коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.

2. Көпчүлүктүн чечимине макул эмес судья бул чечимге кол коюуга милдеттүү жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал ишке тиркелет, бирок жарыя кылынбайт.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-19)
