# 179-берене. Күбөнү суракка алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-179>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-179.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 179-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-179

---

1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1581-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Төрагалык кылуучу күбөнүн ишке катышуучу жактарга мамилесин тактайт жана күбөгө иштин жагдайлары жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.

3. Андан кийин күбөгө суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча күбө чакырылган жак жана анын өкүлү, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү суроо берет.

Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан кандай болбосун учурда суроо берүүгө укуктуу.

4. Сот ошол эле же кийинки жыйналышта күбөнү кайталап суракка ала алат, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар болгондо күбөлөрдү кайталап суракка ала алат.

5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү убагында сот жыйналышынын залында боло албайт. Суракка алынган күбө, эгерде сот ага эрте кетүүгө уруксат бербесе, ишти териштирүү аяктаганга чейин сот жыйналышынын залында калат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [178-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-178)  
Кийинки берене: [180-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-180)
