Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
179-берене. Күбөнү суракка алуунун тартиби
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1581-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Төрагалык кылуучу күбөнүн ишке катышуучу жактарга мамилесин тактайт жана күбөгө иштин жагдайлары жөнүндө ага жеке белгилүү болгондордун бардыгын айтып берүүнү сунуш кылат.
3. Андан кийин күбөгө суроолор берилиши мүмкүн. Биринчи болуп арызы боюнча күбө чакырылган жак жана анын өкүлү, андан кийин ишке катышуучу башка жактар жана алардын өкүлдөрү суроо берет.
Судья күбөгө ал суракка алынып жаткан кандай болбосун учурда суроо берүүгө укуктуу.
4. Сот ошол эле же кийинки жыйналышта күбөнү кайталап суракка ала алат, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар болгондо күбөлөрдү кайталап суракка ала алат.
5. Көрсөтмө бере элек күбөлөр ишти териштирүү убагында сот жыйналышынын залында боло албайт. Суракка алынган күбө, эгерде сот ага эрте кетүүгө уруксат бербесе, ишти териштирүү аяктаганга чейин сот жыйналышынын залында калат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Күбөнү суракка алуунун тартиби
1. Ар бир күбө өзүнчө суракка алынат. кошулду: Күбөнү видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен суракка алуу ишти карап жаткан сот тарабынан ушул Кодекстин 1581-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Кодексте белгиленген күбөнү суракка алуу үчүн жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Төрагалык кылуучу күбөнүн ишке катышуучу жактарга мамилесин … сот жыйналышынын залында калат.
(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, алынып салынды: Мыйзамынын кошулду: 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-179" title="179-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>