# 178-берене. Көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендик үчүн жоопкерчилик жөнүндө күбөгө эскертүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 178-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-178

---

1. Төрагалык кылуучу күбөнү суракка алууга чейин күбөнүн керт башын тастыктайт, анын милдеттерин жана укуктарын түшүндүрөт жана көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергендик үчүн жоопкерчилигин эскертет, бул жөнүндө анын колтамгасы алынып, ишке тиркелет.

2. Төрагалык кылуучу он алты жашка толо элек күбөгө иш боюнча ага белгилүү бардык нерселерди так айтып берүүгө милдеттүү экендигин түшүндүрөт, бирок көрсөтүү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө ага эскертилбейт.

---

Мурунку берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-177)  
Кийинки берене: [179-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-179)
