# 176-берене. Ишке катышуучу жактардын түшүндүрмөлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-176>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-176.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 176-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-176

---

1. Сот доогердин жана анын тарабында катышуучу үчүнчү жактын, жоопкердин жана анын тарабында катышуучу үчүнчү жактын, ошондой эле ишке катышуучу башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат. Прокурор, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын өкүлдөрү, башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко кайрылган жарандар биринчи болуп түшүндүрмө берет. Ишке катышуучу жактар бири-бирине суроо берүүгө укуктуу. Судьялар ишке катышуучу жактарга алар түшүндүрмө берип жатканда кандай болсосун учурда суроо берүүгө укуктуу.

2. Ишке катышуучу жактардын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрүн, ошондой эле сот тарабынан ушул Кодекстин 71 жана 73-беренесинде каралган тартипте алынган түшүндүрмөлөрдү төрагалык кылуучу окуп берет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [175-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-175)  
Кийинки берене: [177-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-177)
