# 175-берене. Доогердин доодон баш тартышы, жоопкердин доону мойнуна алышы жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 175-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-175

---

1. Доогердин доодон баш тартуу жөнүндө арызы, жоопкердин доону мойнуна алышы же тараптардын жарашуу макулдашуусунун шарттары жазуу жүзүндө берилиши керек. Бул арыздар ишке кошулат, бул тууралуу сот жыйналышынын протоколунда көрсөтүлөт.

2. Доодон баш тартылган же доо моюнга алынган же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилген учурларда сот доогерге, жоопкерге же тараптарга тийиштүү процесстик аракеттердин натыйжаларын түшүндүрөт.

3. Доогер доодон баш тартканда же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилгенде сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

Аныктамада тараптардын сот тарабынан бекитилген жарашуу макулдашуусунун шарттары көрсөтүлүүгө тийиш.

4. Жоопкер доону моюнга алганда сот билдирилген талаптарды канааттандыруу жөнүндө чечим чыгарат.

5. Жарашуу келишими ушул Кодекстин 43-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына жооп берүүсү керек.

6. Ушул Кодекстин 43-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн себептер боюнча жарашуу келишими бекитүүдөн баш тарткан учурда сот бул жөнүндө аныктама чыгарат жана ишти маңызы боюнча кароону улантат.

7. Өз ыктыяры менен аткарылбаган жарашуу келишими кызыкдар тараптын арызы боюнча сот тарабынан берилген аткаруу барагынын негизинде мажбурлоо жолу менен аткарылат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [174-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-174)  
Кийинки берене: [176-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-176)
