Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
171-берене. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтыруу. Сот жыйналышындагы тыныгуу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Ишти териштирүүнү кийинкиге калтырууга ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде сот процесстин катышуучуларынын кимдир бирөөсү келбегендигинин, тосмо доо коюлгандыгына, кошумча далилдерди берүүнүн же талап кылуунун зарылдыгынын, тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жиберүүнүн, ишке катышууга башка жактарды тартуунун, процесстик башка аракеттерди жүргүзүүнүн, сот жыйналыштын жүрүшүндө сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарында же санариптик түзүлүштөрүндө бузулуулардын (анын ичинде аудио жана видео жазуу каражаттарынын бузулушу) келип чыгуусунун натыйжасында бул сот жыйналышында ишти кароо мүмкүн эмес деп тааныганда жол берилет. Мында сот жыйналышынын катчысы аудио жана видео жазуу каражаттарынын оң абалда болушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
2. Ишти териштирүүнү кийинкиге каптырууда жаңы сот жыйналышында ишти чечүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү убакытты эске алуу менен жаңы сот жыйналышынын датасы дайындалат, бул жөнүндө келген жактарга кол койдуруп алуу менен жарыя кылынат. Келбеген жана процесске катышууга жаңыдан тартылган жактарга жаңы сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө чакыруу каттар (кабардамалар) жөнөтүлөт.
3. Кийинкиге калтырылгандан кийин ишти териштирүү кайра башынан башталат.
4. Эгерде тараптар процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрүн кайталоону талап кылбаса, иштин материалдары менен тааныш болсо, соттун курамы өзгөрбөсө, сот процесстин катышуучуларына алар мурда берген түшүндүрмөлөрүн кайталабастан ырастоо, аларды толуктоо, кошумча суроолорду айтуу мүмкүндүгүн берүүгө укуктуу.
5. Сот ишке катышуучу жактын өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча, анын ичинде сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын же санариптик түзүлүштөрдү соттук жыйналыштын жүрүшүндө пайдаланууда бузулуу келип чыккан учурда сот жыйналышында тыныгуу жарыялай алат.
6. Сот жыйналышына тыныгуу он күндөн ашпаган мөөнөткө жарыяланышы мүмкүн.
7. Тыныгуу аяктагандан кийин сот жыйналышы улантылат, бул жөнүндө сот жыйналышында төрагалык кылуучу жарыялайт. Тыныгууга чейин иликтенген далилдерди кайталап кароо жүргүзүлбөйт.
8. Тыныгуу жарыяланганга чейин ишке катышкан жана сот жыйналышынын залында болгон жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарландырылды деп эсептелет жана тыныгуу аяктагандан кийин алардын сот жыйналышына келбөөсү аны улантууга тоскоолдук кылбайт.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-171" title="171-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>