# 17-берене. Соттун курамы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 17-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-17

---

1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, ушул Кодекстин 8-беренесине ылайык биринчи инстанция боюнча иштерди судьялар жеке өздөрү карайт. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.

2. Жарандык жана экономикалык иштер апелляциялык инстанциядагы соттордо үч судьядан турган курамындагы соттук коллегия тарабынан каралат.

3. Жарандык жана экономикалык иштер кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда үч судьядан турган соттук курам тарабынан каралат.

4. Иштерди кароодо бардык судьялар тең укуктардан пайдаланат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-18)
