# 169-берене. Ишке катышуучу жактардын жана алардын өкүлдөрүнүн сот жыйналышына келбөөсүнүн натыйжалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 169-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-169

---

1. Ишке катышуучу жактар келбей калуусунун себептери жөнүндө сотко кабарлоого жана бул себептердин жүйөлүүлүгүнүн далилдерин берүүгө милдеттүү.

2. Кабардар кылынгандыгы жөнүндө маалыматтар болбогон ишке катышуучу жактардын кимдир-бирөөсү сот жыйналышына келбеген учурда ишти териштирүү кийинкиге калтырылат.

3. Эгерде ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган болсо, сот алардын келбегендигинин себептери жүйөлүү деген тыянакка келсе, сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

4. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган ишке катышуучу жактардын кимдир-бирөөсү келбеген учурда, эгерде келбегендигинин себептери жөнүндө маалымат жок болсо же болбосо, сот алардын келбегендигин себептерин жүйөлүү эмес деп тааныса, сот ишти кароого укуктуу.

5. Тараптар соттон ишти аларсыз эле кароону жана чечимдин көчүрмөсүн аларга жөнөтүүнү өтүнүүгө укуктуу. Эгерде иштин жагдайлары боюнча зарыл болсо, сот тараптар сот жыйналышына милдеттүү түрдө катышууга тийиш деп эсептей алат.

6. Сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынган ишке катышуучу жактын өкүлүнүн келбегендиги ишти кароого тоскоол болуп саналбайт. Сот ишке катышуучу жактын өтүнмөсү боюнча, анын өкүлү келбегендигине байланыштуу ишти териштирүүнү кийинкиге калтыра алат.

---

Мурунку берене: [168-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-168)  
Кийинки берене: [170-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-170)
