# 160-берене. Сот жыйналышындагы тартип

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-160>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-160.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 160-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-160

---

1. Судьялар сот жыйналышынын залына киргенде залда олтургандардын баары ордунан турат, өз көрсөтмөлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн тике туруп берет. Бул эрежеден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жол берилет.

2. Процесстин катышуучулары судьяга "Урматтуу сот" деп кайрылышат.

3. Ишти соттук териштирүү талаптагыдай тартипти жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарда өтөт. Төрагалык кылуучу коопсуздукту камсыздоо максатында ишти териштирүүгө катышууну каалаган адамдарды текшерүүгө, анын ичинде алардын керт башын тастыктоочу документтерди текшерүүгө, алар алып кирген жүктөрдү карап көрүүгө тескеме бере алат.

4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө киного жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түздөн-түз радио жана теле алып берүүнү жүргүзүүгө ишке катышуучу жактардын пикирлерин эске алуу менен соттун уруксаты боюнча жол берилет. Бул аракеттер сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө жолтоо болбошу керек, сот жыйналышынын залынын сот көрсөткөн орундарында жүргүзүлүүгө тийиш жана убакыт жагынан чектелиши мүмкүн.

5. Процесстин катышуучулары, ошондой эле сот жыйналышынын залында катышып отурган бардык жарандар белгиленген тартипти сактоого милдеттүү.

6. Сот актыларын сот жыйналышынын залындагы бардык катышуучулар тике туруп угат.

7. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен сот жыйналышын өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлган талаптарды сактоого милдеттүү.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-159)  
Кийинки берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-161)
