160-берене. Сот жыйналышындагы тартип
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
160-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 160-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Судьялар сот жыйналышынын залына киргенде залда олтургандардын баары ордунан турат, өз көрсөтмөлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн тике туруп берет. Бул эрежеден четтөөгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана жол берилет.
2. Процесстин катышуучулары судьяга "Урматтуу сот" деп кайрылышат.
3. Ишти соттук териштирүү талаптагыдай тартипти жана процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуучу шарттарда өтөт. Төрагалык кылуучу коопсуздукту камсыздоо максатында ишти териштирүүгө катышууну каалаган адамдарды текшерүүгө, анын ичинде алардын керт башын тастыктоочу документтерди текшерүүгө, алар алып кирген жүктөрдү карап көрүүгө тескеме бере алат.
4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө киного жана фото сүрөткө тартууга, видео жазууга, түздөн-түз радио жана теле алып берүүнү жүргүзүүгө ишке катышуучу жактардын пикирлерин эске алуу менен соттун уруксаты боюнча жол берилет. Бул аракеттер сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө жолтоо болбошу керек, сот жыйналышынын залынын сот көрсөткөн орундарында жүргүзүлүүгө тийиш жана убакыт жагынан чектелиши мүмкүн.
5. Процесстин катышуучулары, ошондой эле сот жыйналышынын залында катышып отурган бардык жарандар белгиленген тартипти сактоого милдеттүү.
6. Сот актыларын сот жыйналышынын залындагы бардык катышуучулар тике туруп угат.
7. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен сот жыйналышын өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлган талаптарды сактоого милдеттүү.
(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
160-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сот жыйналышынын залындагы бардык катышуучулар тике туруп угат. кошулду: 7. Видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу менен сот жыйналышын өткөрүүдө ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары видеоконференцбайланыш тутумдарына жана түзүлүштөрүнө коюлган талаптарды сактоого милдеттүү. (КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-160" title="160-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>