# 156-берене. Бир нече доо талаптарын бириктирүү же бөлүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 156-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-156

---

1. Доогер өз ара байланышкан бир нече талаптарды бир доо арызына бириктирүүгө укуктуу.

2. Эгерде талаптарды бөлүп кароону максатка ылайыктуураак деп тапса, судья бириктирилген талаптардын бирин же бир нечесин өзүнчө өндүрүшкө бөлөт.

Талаптар бир нече доогер тарабынан же бир нече жоопкерге карата коюлганда, эгерде талаптарды бөлүп кароону максатка ылайыктуураак деп тапса, судья талаптардын бирин же бир нечесин өзүнчө өндүрүшкө бөлүүгө укуктуу.

3. Судья бул соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптар катышкан бир түрдүү бир нече иш же болбосо бир эле доогердин ар кандай жоопкерлерге карата же ар кандай доогерлердин бир эле жоопкерге карата доолору боюнча бир нече иш бар экендигин тастыктагандан кийин, эгерде аларды бириктирүү талаштарды кыйла тез жана туура кароого алып келсе, аларды бирдикте кароо үчүн бир өндүрүшкө бириктирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-157)
