# 153-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо судьянын аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 153-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-153

---

Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо тартибинде төмөнкүдөй аракеттерди жүргүзөт:

1) ишке катышуучу жактарга, тараптарга алардын процесстик укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт;

2) жоопкерге доого карата жазуу жүзүндөгү каршы пикирин судья белгилеген мөөнөттө берүүнү сунуш кылат;

3) ишке кошо доогерлерди, кошо жоопкерлерди жана үчүнчү жактарды ишке кошуу жөнүндө тараптардын өтүнүчүн чечет;

4) ишти териштирүүнүн күнү, убактысы жана орду жөнүндө анын жыйынтыгына кызыкдар жарандарга же уюмдарга кабарлайт;

5) тараптардын өтүнүчү боюнча күбөлөрдү сот жыйналышына чакыруу жөнүндө маселени чечет. Сот жыйналышына жашы жете элек күбөнү чакырганда педагогду же психологду, жашы жете электин мыйзамдуу өкүлдөрүн чакыруу жөнүндө маселени да чечет;

6) тараптардын пикирлерин эске алуу менен экспертизаны, аны жүргүзүү үчүн эксперттерди дайындайт, ошондой эле ишке катышууга адистерди, котормочуларды тартуу жөнүндө маселени чечет;

7) ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча уюмдардан же жарандардан жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди, аудио жана видео жазууларды талап кылууга көмөктөшөт;

8) кечиктирүүгө болбогон учурларда, ишке катышуучу жактарга билдирүү менен жазуу жүзүндөгү жана буюмдук далилдерди жеринде карал көрөт;

9) сот тапшырмаларын жөнөтөт;

10) доону камсыз кылуу жөнүндө маселени чечет;

11 Алдын ала сот жыйналышынын күнүн, убактысын жана ордун дайындайт;

12) (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) тараптарга алардын талашты медиация аркылуу жөнгө салууга укугун түшүндүрөт жана тараптарды медиатор менен милдеттүү маалыматтык жолугушууга жөнөтөт;

131) ишке катышкан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн өтүнмөсү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча ишке катышкан жактар видеоконференцбайланыш тутумун пайдалануу жолу менен соттун жыйналышына, анын ичинде алдын ала болгон сот жыйналышына катышуу мүмкүндүгү жөнүндө маселени чечет, ошондой эле мындай катышууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

14) зарыл болгон башка процесстик аракеттерди жасайт.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-152)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-154)
