# 152-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо ишке катышуучу жактардын аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 152-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-152

---

1. Ишти соттук териштирүүгө даярдоодо доогер жана (же) анын өкүлү:

1) өз талаптарын ырастоого далилдерди сотко берет;

2) соттун көмөгүсүз өз алдынча ала албай турган далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүчтү билдирет;

3) доонун иш жүзүндөгү негиздерине негиздеме болуучу далилдердин көчүрмөсүн жоопкерге берет.

2. Жоопкер жана (же) анын өкүлү:

1) доогердин доо талаптарын жана бул талаптардын иш жүзүндөгү негиздерин тактайт;

2) соттун көмөгүсүз өз алдынча ала албай турган далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүчтү билдирет;

3) судья белгилеген мөөнөттө доого жазуу жүзүндөгү каршы пикирин берет, анын көчүрмөсүн доогерге жиберет.

3. Каршы пикирде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) каршы пикир берилүүчү соттун аталышы;

2) жоопкердин, анын өкүлүнүн (эгерде каршы пикирди өкүл берсе) аталышы, дареги;

3) күбөнүн, сот жыйналышына чакырылууга жатуучу башка жактардын аталышы, дареги;

4) жоопкердин доону моюнга алышы жана кайсы бөлүгүндө моюнга алышы;

5) доону моюнга албаган учурда доого каршы пикир негизделген далилдер;

6) эгерде иш боюнча бар болсо, кызыкдар жактар;

7) каршы пикирге тиркелүүчү документтердин тизмеги.

4. Каршы пикирге жоопкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт. Эгерде каршы пикир сотко жоопкердин өкүлү тарабынан берилсе, ага анын ыйгарым укуктарын ырастаган документ тиркелүүгө тийиш.

Жоопкердин доого жазуу жүзүндөгү каршы пикир бербегендиги ишти анда бар болгон далилдер боюнча кароого тоскоолдук кылбайт. Доого каршы пикир сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу сотко санариптик формада берилиши мүмкүн.

5. Бул берененин жоболору ишке катышуучу башка жактарга жайылтылат.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүү, аталган берененин расмий тилиндеги текстине киргизилди.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-153)
