# 150-берене. Ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө соттун аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 150-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-150

---

1. Арызды кабыл алгандан кийин судья ишти өз убагында жана туура чечүүнү камсыз кылуу максатында аны соттук териштирүүгө даярдоону жүргүзөт.

2. Судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат жана жүргүзүлө турган аракеттерди көрсөтөт.

3. Соттук териштирүүгө даярдоо жарандык процесстин милдеттүү стадиясы болуп саналат жана тараптардын жана ишке катышуучу жактардын катышуусу менен судья тарабынан жүргүзүлөт.

4. Мурда чыгарылган сот актысы жокко чыгарылгандан кийин ишти кароонун алдында да судья ишти соттук териштирүүгө даярдоо жөнүндө аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-151)
